Абхазия
From Wikipedia, the free encyclopedia
Абхазия, Абхазия Республикасы (абх. Аԥсны Аҳәынҭқарра) — Түштүк Кавказдагы жарым-жартылай таанылган, көпчүлүк өлкөлөр Грузиянын курамына кирген, бул аймакты Абхазия Автоном Республикасы деп эсептейт. Кара Деңиздин чыгыш жээгинде, Грузиянын түндүк-батышында Чоң Кауказ тоолорунун түштүгүндө жайгашкан.
Абхазия Республикасы | |||
абх. Аԥсны Аҳәынҭқарра | |||
Абхазия Грузиянын чек аралары менен. | |||
| |||
Абалы |
таанылбаган мамлекет | ||
---|---|---|---|
Борбору | |||
Расмий тили | |||
Колдонулган тилдер |
Мингрел тили • Сван тили • Армян тили | ||
Улуттук курамы | |||
Демоними |
Абхазиялыктар | ||
Өкмөтү |
Президенттик Республика | ||
Президент |
Аслан Бжания | ||
Мыйзамы |
Абхазия Республикасынын Элдик Ассамблеясы | ||
Кыскача тарыхы | |||
Советтик Социалисттик Абхазия Республикасы |
31 Март 1921 | ||
Абхазия Автоном Советтик Социалисттик Республикасы |
19 Февраль 1931 | ||
Суверенитет жарыяланды |
15 Август 1990 | ||
Эгемендүүлүк жарыяланды |
13 Июль 1992 | ||
Аянты | |||
Жалпы |
8,665 км2 | ||
• Жер аянты |
8.650 км2 | ||
• Суу аянты (%) |
4% | ||
Популяция | |||
Каттоо (2016) |
▲ 243 564 | ||
Жыштыгы |
28.9/км2 | ||
ИДӨ |
31.4 млрд₽ | ||
ИДӨ Жанга |
128.203₽ | ||
Акча бирдиги |
Абхаздык апсар, Рубль | ||
Идентификация | |||
Автоунаа коду |
ABH | ||
abkhazia.ru |
Абхазиянын курамында 5 административдик район, 7 шаар, 4 шаарча бар. Калкынын көпчүлүк бөлүгүн абхаздар түзөт, ошондой эле армян, орус жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 48%. Ири шаарлары: Сухуми, Ткварчели, Гагра, Очамчира, Гудаута, Гали. Аймагынын басымдуу бөлүгүн Башкы Кавказ кырка тоосунун тармактары ээлейт. Түштүк-батышын Кара деңиз чулгайт. Түштүк-чыгышында Колхида ойдуңунун ичке тилкеси созулуп жатат. Климаты ойдуңдарында жана тоо этектеринде жылуу, нымдуу субтропиктик, тоолордо нымдуу, мелүүн жана суук. Январдын орточо температурасы жээк тилкесинде 4-7°С, тоолорунда 2ден -2°Сге чейин, июлдуку 22-24°С жана 16-18°С. Жылдык жаан-чачыны [] мм. Ири дарыялары: Кодори, Бзыбь. Көлү Рица. Ойдуңдары жана адырлары күл, кызыл, сары, тоолору күрөң, чымкөңдүү шалбаа топурактуу. Аймагынын 55%ин токой ээлейт, деңиз жээктеринде субтропиктик өсүмдүктөр өсөт. Рица, Пицунда Мюссерск коруктары уюшулган[1].