Херсон облусу
Украинаны түштүгүндө облусу / From Wikipedia, the free encyclopedia
Херсон облусу (укр. Херсонська область) — Украинанын административдик-аймактык бирдиги, өлкөнүн түштүгүндө, Днепрдин төмөнкү агымынын эки жээгинде жайгашкан.
Өлкө | |
---|---|
Административдик борбор | |
Расмий тили | |
Калкы |
↘ 1 000 370 [1] |
Жыштыгы |
36,12 адам/км² |
Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити • өрточо бийиктиги • Эң төмөнкү чекити | |
Коду ISO 3166-2 |
UA-65 |
Телефон коду |
+380 55 |
Интернет-домени |
kherson.ua; ks.ua |
Расмий сайты | |
Батышта Николаев облусу, түндүгүндө Днепропетровск облусу, чыгышында Запорожье облусу, түштүгүндө Кырым Муктар Республикасы менен чектешет. Кара жана Азов деңиздеринин жээгинде жайгашкан.
Облустун аянты 28,4 миң км² (Украинада 7-орун), 2022-жылдын башына карата калкынын саны 1,0 миллион адамга (21-орун) бааланган. Административдик борбору жана ири шаары — Херсон, башка ири шаарлары — Новая Каховка, Каховка жана Алёшки.
Облус 1944-жылы немистик баскынчылардан бошотулгандан кийин Украина ССРинин Запорожье облусунан бөлүнүп, түзүлгөн. Орусиянын 2022-жылдын февраль айынын аягынан бери Украинага басып киришинин натыйжасында аймактын басымдуу бөлүгү Орусиянын баскынчылыгында калган[2][3]. 30-сентябрда Орусия аймактын аннексияланганын жарыялады[4]. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунун жүрүшүндө 2022-жылдын 6-октябрына карата Украина аймактын 400 км²ден ашык аймагын өз көзөмөлүнө кайтарып алган[5]. Ал эми 2022-жылдын 11-ноябрында украин аскерлери Херсондун өзүнө кирген[6]. Шаардан чыгаар алдында орус аскерлери шаардын негизги инфраструктурасын, анын ичинде электр жана суу менен камсыздоону талкалашкан[7].