Конго Республикасы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Конго Республикасы – Борбордук Африканын батыш бөлүгүндө жайгашкан мамлекет. Түштүк-батышынан Атлантика океаны менен чулганат (жээгинин узундугу 169 км). Түндүгүнөн Камерун, Борбордук Африка Республикасы, чыгышынан жана түштүгүнөн Конго Демократиялык Республикасы, түштүгүнөн Ангола (Кабинда провинциясы), батышынан Габон менен чектешет. Аянты 342 миң км2. Калкы 3,7 млн (2008). Борбору – Браззавиль. Расмий тили – француз тили; улуттук тилдери – лингала жана китуба. Административдик-аймактык жактан 10 облуска жана борбор округуна бөлүнөт.
Конго – Бириккен Улуттар Уюмунун (1960), Африка Биримдиги уюмунун (1963; 2002-жылдан Африка союзу), Эл аралык өнүгүү жана реконструкция банкынын (1963), Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008): Эл аралык валюта фондунун (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1997) мүчөсү.