Этнография
From Wikipedia, the free encyclopedia
Этнография - эл жана башка этностук жалпылыктарды, алардын этногенезин, турмуш тиричилигин жана маданий-тарыхый байланыштарын изилдөөчү илим.
Бул илимий тармактын ар кыл өңүттөрүн изилдеген окумуштууларды "этнограф" деп аташат.
Этнография (байыркы гр. этнос — эл жана графия — жазам) — элдердин этностук өнүгүшүн, алардын келип чыгышын, каада-салтын, турмуш-тиричилигиндеги жана тарыхый-маданияттарындагы мамилелерин изилдей турган коомдук илим.
Э. илиминин изилдөө предметинин негизин — ар бир элге, өзүнө гана тиешелүү мүнөз бере турган, күнүмдүк турмушундагы салттык маданияты түзөт. Э-лык изилдөөлөрдүн башкы булагы — элдердин жашоо-тиричилигин түздөн-түз байкоо (стационардык жана экспедициялык жолу менен алынган маалыматтар) болуп саналат. Э. тарых жана археология илимдери менен байланышта элдердин этникалык тарыхын, алгачкы жамааттык коомун (азыркы элдердин арасында сакталып калган калдыктарды изилдөө боюнча) изилдейт.
Экономикалык илимдер жана социология менен бирдикте элдердин чарбалык турмушун, социалдык түзүлүшүн, ал эми тил илими менен бирдикте тилдик байланыштарын, окшоштуктарын, карым-катнаштарын жана башкалар иликтейт. Э-нын дагы бир маанилүү булагы катары, элдердин байыркы мезгилдердеги турмуш-тиричиликтерин, маданияттарынын келип чыгуулары тууралуу материалдарды чагылдырган элдик оозеки чыгармачылык эсептелинет.