АДӨИ боюнча мамлекеттердин тизмеси
From Wikipedia, the free encyclopedia
Адам дарамети өсүү тизмеси
АДӨИ (Адам дарамети өсүү индекси).
Бул тизмеге БУУга мүчө 185 өлкө(193 мамлекеттер ичинен) жана
аймактары да кирет. 8 өлкө - маалыматтын жетишсиздигинен улам
кирген эмес. АДӨИ - бул өмүр узактыгынын, сабаттулуктун, билим
берүү жана жашоо шарттарын
салыштыруучу тизмек. Бул индекс өнүккөн, өнүгүп жаткан жана жетишсиз
түрдө өнүккөн өлкөлөрдү аныктоо жана айырмалоо үчүн колдонулат,
аны пакистандык экономист Махмуб уль-Хак жана индиялык экономист
Амартье Сен тарабынан 1990-жылы иштелип чыккан. Бирок 2010-жылы
ал индекс бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Мамлекеттер АДӨИнин
негизинде төрт категорияга бөлүнөт: өтө жогорку, жогорку, орто
жана төмөнкү болуп.