Аденома
From Wikipedia, the free encyclopedia
Аденома (лат. adenoma бай.грек. ἀδήν — без жана -ομα) — ар кандай бездүү органдарда (эмчек, боор, бөйрөк, жыныс бездеринде) без эпителийинен пайда болуучу коркунучсуз шишик.
Анда без тканынын баштапкы түзүлүшү сакталат. Аденоманын чондугу, формасы ар кандай болот; көзгө көрүнбөгөн эң кичине жана кишинин башындай болгон гигант аденомалар белгилүү. Кээде аденома зыяндуу шишикке (ракка) өтүп кетиши мүмкүн, ошондуктан сөзсүз өз учурунда хирургиялык жол менен дарылоо зарыл.