Алай (футбол клубу)
From Wikipedia, the free encyclopedia
«Ала́й» футбол клубу — Ош шаарынын атынан Кыргыз Премьер-Лигасында катышып келе жаткан профессионал футбол клубу. 1960-жылы «Ош» аталышында түзүлүп, 1965-жылдан тарта «Шахтер» деген аталышта чеберлер арасында биринчиликте катышып баштайт. 1967-жылы Ахматбек Суюмбаевдин демилгеси менен «Алай» деп өзгөртүлөт.
Ыкчам фактылар Негизделген, Мелдеш ...
Алай | |||
Толук аталышы |
«Алай» футбол клубу | ||
Лакап аттары | "Сары-Каралар", "Алайлыктар" | ||
Негизделген | 1967 | ||
---|---|---|---|
Стадиону | Ахматбек Суюмбаев атындагы борбордук стадиону, Ош шаары | ||
Сыйымдуулугу | 12 000 | ||
Башкы директору | Улан Алымканов | ||
Машыктыруучусу | Мирлан Эшенов | ||
Капитаны | Мустафа Юсупов | ||
Мелдеш | Кыргыз Премьер-Лигасы | ||
2023 | 2. | ||
|
Жабуу
1991-жылдан тарта Эгемендүү Кыргызстандын футбол боюнча биринчиликке катышып келет. "Алай" клубу учурда Кыргызстандын эӊ эски жана тарыхы бай клубу катары белгилүү, учурда өлкөнүн 4 жолку (2013, 2015, 2016 и 2017) чемпиону, 2 жолку Кубоктун (2013, 2020) жана 2 жолку Суперкубоктун (2017 и 2018) ээси болуп эсептелинет