Алмашкан ашыктар
Орусиянын 2007-жылы чыккан тасмасы / From Wikipedia, the free encyclopedia
«Алмашкан ашыктар» (орус. Любовь-морковь) — Орусиянын 2007-жылы тартылган көркөм тасмасы. Мазмундун негизги бөлүгү беларусь драматургу Андрей Курейчиктин «Кыялдарды аткаруучу» чыгармасынан алынган.
![]() Алмашкан ашыктар
| |
Любовь-морковь | |
![]() | |
Жанры | |
---|---|
Режиссёру |
Александр Стриженов |
Продюсери |
Ренат Давлетьяров, |
Сценарийдин автору |
Андрей Курейчик, |
Башкы ролдордо |
Гоша Куценко |
Оператору |
Вячеслав Лазарев |
Композитору |
Аркадий Укупник |
Кинокомпания |
«Реал-Дакота» Вокс Видео |
Узактыгы |
94 мүнөт |
Өлкө | |
Тили | |
Жылы | |
Кийинки тасма |
Алмашкан ашыктар 2 |
IMDb |
Продюсерлери: Ренат Давлетьяров, Александр Котлевский Ролдордо: Кристина Орбакайте, Гоша Куценко, Евгений Стычкин, Андрей Краско, Ольга Орлова, Екатерина Стриженова
Тасманын башкы каармандары кадимкидей эле заманбап үйбүлө мүчөлөрү. Күйөөсү – Андрей Голубев (Гоша Куценко) шаардын алдыңкы адвокаты, карьерасынан башка эч нерсени ойлобойт. Аялы Марина – (Кристина Орбакайте) искусство адамы, Москвадагы эң кыйын адис болуп эсептелет.
Бул жуп бардык жаш жубайлардай эле жашашат: Марина тамагын даярдап, жолдошун жумуштан күтөт, ал эми Андрей үйүнө түнкүсүн гана кайтат. Жумушунан келээри менен диванга кулайт да, татынакай жубайына көңүл бурбастан, телевизор тиктеп отура бергенден башка колунан эч нерсе келбейт. 7 жыл чогуу жашагандан кийин күйөөсүнүн мындай мамилесине чыдай албаган Марина андан ажыраша тургандыгын билдирет.
Бойдоктун жашоосу оңой эмес экендигин билген Андрей аялын коё бергиси келбей: “Үйбүлөлүк психологго баралы” деп сунуштайт. Жаштар кайрылган доктур Коган жөнөкөй психолог эмес, чыныгы сыйкырчы болуп чыгат. Ал эки жашты жараштырыш үчүн башкача амал ойлоп табат. Тагыраак айтканда, экөөнүн денелерин алмаштырып коюуну чечет. Ошентип, фильмдеги накта кызыктын баары Марина күйөөсүнүн, Андрей болсо аялынын денелеринде ойгонгондо башталат.
Жибектен ич кийим кийген Андрей төшөктө бир топко чейин керилип жатат, анан шашпай туруп, бетине маска коёт. Өзүнүн “жаңы” денесин көргөн соң каткырып күлүп койгондон башка эч нерсе кылбайт. Ал эми Марина болсо чоң-чоң кадам менен басат (эч кандай жамбаш чайкамай деген жок). Денеси алмашканын байкаганда чыныгы эркектей урушуп, эркектей сөгүнөт.
Ошентип, күндөр өтө берет. Андрей аялына тамак жасап берет, Марина болсо футбол ойноп жүрөт. Бирок, баары эле ойлогондой жеңил эмес да! Жумуш деген бар, достор деген бар.
Жубайлар кызматтарына биринин ордуна бири жөнөшөт. “Менин карьерамды буза турган болсоң, көрсөтөм!” дейт күйөөсү. “А сен курбуларымдын алдында мени уят кылба!” деп жинденет аялы.
Башында ушинтип урушкан жаштар кантип жакындаша кеткендерин өздөрү да байкабай калышат. Ар кимиси өз денелерине сарсанаа болуп, саат сайын бири-бирине телефон чалып, ал-жайларын сурап турууга көнүп калышат. Анан бара-бара так ушул сезимдер аларды бир кезде ЗАГСка алып келгенин түшүнүшүп, мурунку ысык мамилелери кайрадан жандана баштайт. Сыйкырчы доктур Когандын жардамы менен Андрей өзүн кантип бааласа, жубайын да ошентип баалоону, ал эми Марина өзүн кандай сүйсө, жолдошун да ошончолук катуу сүйүүнү үйрөнүп, акыры такыр ажырашкыс болушат