Ансельм Кентерберийлик
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ансельм (1033—1109) — алгачкы схоластиканын эң ири өкүлү. 1093-жылдан тарта архиепископ Кентерберийлик. Ал «Монолог» (1076), «Ой жүгүртүүлөргө кошумча» (1077—1078), «Грамматика жөнүндө диалог», «Эмне үчүн Кудай адам болуп саналат» (1094—98) жана башка трактаттарды жазган. Ансельмди тирүү кезинде эле кадыр-барктуу ойчул катарында «экинчи Августин» деп аташкан.
Христиан философиясынын негизги проблемасын — диний ишеним менен акыл-эстин өз ара катыш проблемасын Ансельм Августиндин духунда чечет, ал диний ишенимди акыл-эс аркылуу даңазалайт. Ал диний ишеним-билимдин өбөлгөсү деген: ал ишенүү үчүн ой жүгүртпөйт, түшүнүү, аңдап-билүү үчүн ишенет. Адегенде ишеним, андан кийин гана ишеним менен алдын ала аныкталып коюлган ой жүгүртүүнүн, аңдап-билүүнүн диалектикалык чеберчилиги турат. Башкача айтканда акыл-эс Ансельмдин пикири боюнча өзүнүн рационалдуу каражаттары аркылуу диний ишенимди актоо үчүн жашап турат.