Аэробика
From Wikipedia, the free encyclopedia
Аэробика (аэро... жана грекче bios - жашоо) 1) ритмдүү гимнастика. Музыка менен коштолуучу ар кандай дене көнүгүүлөрдүн жыйындысы. Ден соолукту чыңдоодо жана спортто колдонулат. 2) Чыдамкайлыкка машыктыруу максатында циклдүү спорттун түрүнө (чуркоо, сууда сүзүү жана башка) колдонулуучу көнүгүүлөр тобу. Жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системасынын кызматын жакшыртууга багытталган.