Бейөкмөт уюм
From Wikipedia, the free encyclopedia
Бейөкмөт уюм — мамлекеттик мекемелерден көз карандысыз жеке жактар же коомдук (коммерциялык эмес) уюмдар тарабынан түзүлгөн уюм.
Бүгүнкү күндө колдонулган термин биринчи жолу 1945-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун жаңыдан түзүлгөн Уставынын 71-беренесинде киргизилген[1]. Бейөкмөт уюмдардын туруктуу же расмий аныктамасы жок, алар жалпысынан өкмөттүн таасиринен көз карандысыз коммерциялык эмес уюмдар катары аныкталат, бирок алар мамлекеттик каржылоону ала алышат[1]. Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн ассамблеяларында жана айрым жыйындарында бейөкмөт уюмдарга байкоочу статусун берген. БУУнун маалыматы боюнча, бейөкмөт уюм – бул жөн гана оппозициялык саясий партия эмес, бул өкмөттүн көзөмөлүнөн көз карандысыз, жеке, коммерциялык эмес уюм[2]. БУУ өзүнүн ассамблеяларында жана айрым жыйындарында бейөкмөт уюмдарга байкоочу статусун берген.
Эл аралык бейөкмөт уюм 1950-жылдын 27-февралында Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин (ECOSOC) 288 (X) резолюциясында “эл аралык келишим тарабынан түзүлбөгөн эл аралык уюм” катары аныкталган.
БУУнун Глобалдык коммуникациялар департаментинин маалыматы боюнча, бейөкмөт уюм "коомдук жыргалчылыкты колдоо боюнча маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү, улуттук же эл аралык деңгээлде уюшулган, коммерциялык эмес, ыктыярдуу жарандар тобу"[3]. Көп учурда "бейөкмөт уюм" термини ыраатсыз колдонулат жана жарандар тарабынан негизделген жарандык коом уюмунун синоними катары колдонулат[4]. Кээ бир өлкөлөрдө бейөкмөт уюмдар коммерциялык эмес уюмдар катары белгилүү, кээде саясий партиялар менен профсоюздар да бейөкмөт уюмдар катары каралат[5].