Боогачы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Боогачы Жакыпбек уулу (1866-1936) - кыргыздын даңазалуу акыны жана обончусу.
Боогачы Жакыпбек уулу | |
Төрөлгөндөгү аты: |
Боогачы Жакыпбек уулу |
---|---|
Ишмердүүлүк тармагы: |
акын, төкмө акын. |
Туулган датасы: | |
Туулган жери: | |
Жарандыгы: | |
Букаралык: | |
Өлгөн датасы: |
Боогачы Жакыпбек уулу — Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында (илгеркиче Шаркыратма болушунда) 1866-жылы[1] -жылы, кышкы чилдеде төрөлгөн.Кыргыз төкмө акыны.Жеке эле Ат-Башыда эмес, бүткүл кыргыз жеринде Үкөйүм деген обон чыкса - Боогачыны билишет, Боогачы десе - Үкөйдү эске түшүрүшөт. Экөөнү ажырагыс кылып махабат оту данакерлеген.[2] Боогачы жакшы атты, сулуу жарды, куюлушкан ырды жакшы көргөн ышкыбоз адам болуптур. “Кара көздөр жоодурап турса, шагын сындыргым келбейт...” дечү экен. Жер-суунун көрүнүшүн көркүнө чыгара ырдап, ынактык, асылкечтик ыр саптары менен кынаптап, көркөм сөздүн кылдат күчү сонун обону менен коштоп, укканды өзүнө оп тартып алган таланттуу акын да, обончу да болгон.
Айкын сөздүн устасы.
Кулак курчун кандырган
Куюлушкан нускасы...