Катанов, Николай Федорович
From Wikipedia, the free encyclopedia
Катанов Николай Федорович (1862-1922)-белгилүү чыгыш таануучу, хакас элинин окумуштуусу.
Катанов Николай Федорович | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Пора́ |
Туулган жылы: | 6 бугу 1862-жыл |
Туулган жери: | Турахов айылы |
Каза болгон: | 9 жалган куран 1922 (59 жашында) |
Өлкө: | Орус Федерациясы <noinclude> РСФСР |
Илимий чөйрөсү: | филология, фольклористика, түркология |
Иштеген жери: | Казан университети |
Илимий жетекчиси: | Василий Васильевич Радлов |
Казан университетинин жана Орусия коомдук ИАнын профессору,36 жылдык чыгармачыл өмүрүндө археология, тарых, этнография, тил таануу, адабият, чыгыш элдеринин статистикасы боюнча 382 илимий иш жазган. Көп тил билген. Бардык Европа тилдеринде эркин сүйлөгөн, чыгыш тилдерин, байыркы жана өлгөн тилдерди да билген, байыркы түрк руна жазууларын, шумер шынаа жазууларын, египет, кытай иероглифтерин, санскрит, араб жазууларын, байыркы уйгур, армей графикаларын окуй билген. Сүрөттү мыкты тарткан, карта тузгөн. Өз учурундагы чет элдик окумуштуулар менен тыгыз байланышта болуп, кат алышып турган, бир канча чет элдик илимий коомдордун мучөсү болгон. Дүйнөгө таанымал түрколог С. Е. Маловдун окутуучусу.