Кинематограф
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кинематóграф (грек. κινεμα, илик жөндөмө κινεματος — кыймыл жана грек. γραφο — жазуу, сүрөттөө) – азыркы замандагы искусствосунун бир түрү, XIX кылымда ойлоп чыгарылган, XX кылымда чоң популярдуулукка жетишкен искусствонун тармагы. Кинематограф термини кеңири түшүнүктү - кыймылдуу сүрөттөлүштөрдөн турган заманбап көркөм искусствонун чыгармаларын жана экономиканын бир тармагы болуп, фильм жараткан, ага кошумча атайын эффекттерди, мультипликацияны өндүргөн жана көрүүчүлөргө тартуулаган киноиндустрия тармагын ичине камтыйт. Киноискусство продукттары кинотехниканын жардамы менен даярдалат. Кинематографты кино таануу илими изилдейт. Кинофильмдер көркөм жана документалдуу болуп бири - биринен айырмаланышат. Кинематограф бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдүн маданиятында басымдуу орунду ээлеп келет. Ошол сыяктуу эле, көптөгөн мамлекеттерде кинондустрия экономиканын негизги тармактарынан болуп эсептелет. Кинофильмдерди тартуу киностудияларда жүргүзүлөт. Фильмдер кинотеатрларда, телевидениеде, видеокассета жана видеодиск аркылуу жайылат, ошондой эле жогорку ылдамдыктагы интернеттин пайда болуусу менен көрүүчүлөр атайын интернет сайттардан фильмдерди видеофайл формасында жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Эске салчу жагдай, интернет аркылуу жүктөө жолу фильмдердин автордук укугунун бузулушуна алып келүүсү мүмкүн.