Кума-Маныч ойдуңу
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кума-Маныч ойдуңу — Кавказ өндүрүн Чыгыш Европа түздүгүнөн бөлүп турган тектоникалык ойдуң. Туурасы 20—30 км. Көлдөр системасы (эң ириси — Маныч-Гудило көлү) жана суу сактагыч (Веселовский) ээлейт. Кума-Маныч каналы бар. Кума-Маныч ойдуңу аркылуу Европа менен Азиянын шарттуу чеги өтөт.