Ломбардия-Венеция Королдугу
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ломбардия-Венеция Королдугу – Вена конгрессинин (1814–15) чечими боюнча Австрия империясынын курамына кирген Түндүк Италиянын бир бөлүгү. 1815-ж. Ломбардия жана Венеция облустарынан түзүлгөн. Империянын карамагына өткөн соң, вице-король башында турган Австрия администрациясы башкарган. 1859-ж. Австрия-Италия-Франция согушунда Ломбардиядан, 1866-ж. Австрия–Италия согушунан кийин Венециядан ажырап, натыйжада Ломбардия-Венеция Королдугу кайрадан бирдиктүү Италия королдугунун курамына кирген.