Манчестер Юнайтед
From Wikipedia, the free encyclopedia
«Манчестер Юнайтед» футбол клубу (англ. Manchester United Football Club; аңглисче айтылышы [ˈmæntʃɛstə ju:ˈnaɪtɪd]) — Чоң Манчестер графтыгына (феодалдык ээлик) кирген Стретфорд шаарынын аңглис кесипкөй футбол клубу. 1878-жылы алгач түзүлгөн кезинде аталышы «Ньютон Хит (Ланкашир энд Йоркшир Рейлуэй)» болгон, кийинчерээк 1902-жылы «Манчестер Юнайтедге» өзгөргөн. Дүйнөдөгү эң белгилүү футбол клубдарынын катарына кирет.[3] 1992-жылгы аңглис Премьер-лигасынын негизин түзгөн клубдардын бири.[4]
Бул макала азырынча бүтө элек Учурда Askar Nazyrov (talk) 06:24, 20 Октябрь (Тогуздун айы) 2014 (UTC) тарабынан оңдолуп-түздөлүп жатат. Сураныч, бул калып бул жерден кетмейинче оңдоолорду киргизбөөңүздөрдү суранам. |
Манчестер Юнайтед | ||||
«Манчестер Юнайтед» эн белгиси | ||||
Толук аталышы |
Manchester United Football Club | |||
Лакап аттары | Red Devils (Кызыл шайтандар)[1], The Reds (Кызылдар)[2] | |||
Негизделген | 1878-жылы Newton Heath LYR F.C. деген аталышта | |||
---|---|---|---|---|
Стадиону | Олд Траффорд | |||
Сыйымдуулугу | 74,879 | |||
Ээси | Глейзерлер үй-бүлөөсү | |||
Аткаруучу директору | Эд Вудвард | |||
Тең-төрагалары | Жоэл Глейзер Аврам Глейзер | |||
Машыктыруучусу | Ole Гуннар Solskjaer | |||
Капитаны | Эшли Янг | |||
Рейтинги | УЕФА рейтинги боюнча 10-орунда | |||
Сайты | www.manutd.com | |||
Мелдеш | Премьер-лига | |||
2022/23 | 3-орун | |||
| ||||
2022/2023 |
«Манчестер Юнайтеддин» үй стадиону — «Олд Траффорд» — 1910-жылы ачылган. «Олд Траффорд» Аңглиядагы Уэмблиден кийинки эң ири футбол стадиону болуп саналат жана бул стадионго 76 миңге жакын көрүүчү батат.
«Манчестер Юнайтед» эң ийгиликтүү аңглис клубдарынын бири. 1986-жылдын 27-ноябрында команданы сэр Алекс Фергюсон колго алгандан баштап, «Манчестер Юнайтед» 27 трофей утуп, соңку 20 жылда - Аңглия футболунун эң кирешелүү клубу болуп саналат[5]. 2010/11 мезгилинде «Манчестер Юнайтед» «Ливерпулдун» көрсөткүчүнөн ашып түшүп, рекорддук 19чу ирет Аңглия чемпиондугун утуп алды. 1968-жылы «Манчестер Юнайтед» «Бенфика» португал футбол клубун финалда утуп (4:1), Европа чемпиондор кубогун утуп алган биринчи аңглис клубу болуп табылат.[6] 1999-жылы «Манчестер Юнайтед» мюнхендик «Баварияны» финалда утуп (2:1), Европа чемпиондор кубогун экинчи ирет жеңип алат.[7] 2008-жылы «Манчестер Юнайтед» лондондук «Челсини» финалда утуп, Чемпиондор лигасын дагы бир жолу утуп алат.[8] Мындан башка, «Манчестер Юнайтед» Аңглия Кубогунун рекордсмен жеңүүчүсү болуп саналат (11 жолу жеңүүчү аталган).[9].
«Манчестер Юнайтед» азыркы кездеги дүйнөнүн эң кирешелүү футбол клубдарынын үчтүгүнө кирет.[10] 2012-жылдын апрелинде Forbes журналы клубду $2, 235 миллиардга баалаган.[11][12].
Команданын башкы машыктыруучусу, сэр Алекс Фергюсондун мансабын (карьера) аяктоо себебинен, 2013-жылдын 9-майында анын ордуна Дэвид Мойес дайындалган.[13][14] 2011-жылдын февралында мансабын бүтүргөн Гари Невиллди Неманья Видич алмаштырган.[15][16]
Команданын башкы машыктыруучсу — голланддык адис Луи ван Гал[17]. Ал Дэвид Мойестин кызматтан кеткендигине байланыштуу, убактылуу башкы машыктыруучуунун милдетин аткарууга дайындалган Райан Гиггздин ордуна келген[13][18]. Команданын капитаны — Уэйн Руни, ал 2014-жылдын жайында клубдан кеткен Неманья Видичти алмаштырган [15][19][20].