Микронезия Федеративдик Штаттары
океаниядагы мамлекет. / From Wikipedia, the free encyclopedia
Микронезия же Микронезия Федерация Штаттары (англ. Federated States of Micronesia) — Океаниядагы майда аралдар тобунда (607 аралда) жайгашкан мамлекет. Аянты 702 км2. Калкы 107,4 миң (2009); Административдик-аймактык жактан 4 штатка бөлүнөт. Калкы полинезиялыктар менен микронезиялыктардын 9 этностук тобунан турат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 154 киши. Борбору – Паликир шаары (калкы 11 миң; Понпеи аралында). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – АКШ доллары.