Муз жана от ыры
From Wikipedia, the free encyclopedia
"Муз жана от ыры" (англ. A Song of Ice and Fire, орус. Песнь Льда и Огня) — америкалык роман жазуучу жана сценарист Жорж Рэймонд Ричард Мартиндин эпикалык фэнтези романдарынын сериясы болуп саналат. Ал бул сериянын биринчи тому болгон "Тактылар оюну" китебин 1991-жылы жаза баштап, 1996-жылы басып чыгарган. Башында бул топтомду үчилтик катары пландаган Мартин пландаштырылган жети томдуктун бешин чыгарган. Эң соңку бешинчи тому 2011-жылы жарык көргөн. "Ажыдаарлар менен бий" бөлүмү Мартиндин беш жылын алган. Ал алтынчы роман болгон "Кыш шамалын" дагы эле жазып жатат.
Муз жана от ыры | |
---|---|
Нукура аталышы | A Song of Ice and Fire |
Өлкөсү | АКШ |
Тили | англис |
Сериясы |
Тактылар оюну (1996) Падышалардын кагылышы (1998) Кылычтардын бороону (2000) Каргалардын салтанаты (2005) Ажыдаарлар менен бий |
Жанры | Эпикалык фэнтези[1] |
"Муз жана от ыры" ойдон чыгарылган Вестерос жана Эссос континенттеринде орун алат. Ар бир бөлүмдөгү окуя каармандар тууралуу чектелүү маалыматтарды сунуштайт. Биринчи бөлүмдө тогуз жаштагы каармандар өсүп олтуруп, бешинчи бөлүмгө жеткенде 31 жашка чыгып калат. Үч негизги окуя Вестеросту көзөмөлгө алыш үчүн бир нече үй-бүлөлөрдүн ортосундагы династиялык согушта кесилишет. Вестеростун алыскы түндүгүндөгү аймактардагы адаттан тыш күчкө ээ болгон Башкалар тараптан коркунуч көбөйүп, тактан кулатылган хандын кызы Дейенерис Таргариен Темир тактыга жетүүгө аракет кылышы менен окуя өнүгөт.
Мартиндин эргүү алышына "Розалардын согушу" жана франциялык Морис Дрүондун "Каргышка калган хан" тарыхый романы таасир эткен.[2][3] "Муз жана от ыры" аялдарды жана динди, ошондой эле окуяларды чындыкка жакын сүрөттөгөнү үчүн мактоого алынган. Карама-каршы жана жеке көз караштардын жыйындысы окурманды өзүнө тартып, көз караштар персонажынын ийгилигине же жашап кетишине эч качан кепилдик берилбейт. "Муз жана от ырынын" адеп-ахлактык жактан бүдөмүк дүйнөсүндө ишенимдүүлүк, намыс, жыныстык, такыбаалык жана зордук-зомбулук маселелерин көп жолуктурууга болот.
2015-жылдын апрелине карата, дүйнө жүзү боюнча китептин 60 миллиондон ашуун нускасы сатылып [4], ал эми 2017-жылдын январь айына карата 47 тилге которулган. [5][6] Китептин төртүнчү жана бешинчи томдору жарык көрөөрү менен New York Times гезитинин бестселлер тизмесине кирген.[7] Китептин негизинде жарык көргөн эмгектердин арасында новеллалар, киносериалдар, комикс китептер жана бир нече карта, стол жана видео оюндары бар.