Мушкетов Иван Васильевич
From Wikipedia, the free encyclopedia
Мушкетов Иван Васильевич (1850, азыркы Волгоград облусу, Алексеев станциясы –1902, Петербург) – орус геологу жана географы. 1872-жылы Петербургдагы тоо институтун бүткөн. 1874–80-жылдары Теңир-Тоого жана Сырдарыя өрөөнүнө саякат жасап, бир катар кендерди тапкан жана 2 томдон турган «Түркстан» деген эмгегин жараткан. Мушкетов өзүнүн жеке байкоолорунун, изилдөөлөрүнүн эле жыйынтыгын бербестен, Түркстанды изилдеген башка окумуштуулардын эмгектерин да пайдаланган. М.ушкетов Теңир-Тоону изилдеген алгачкы геологдордун бири. Теңир-Тоо менен Памир-Алайдын тоолуу аймактарындагы мөңгүлөрдү, тоо арасындагы өрөөндөрдү изилдеген, кендердин жайгашкан ордун аныктаган, минералдардан, тоо тектерден, таш болуп катып калган заттардан коллекция жыйнаган. 1879-жылы Чатыркөлгө саякат жасап, немис окумуштуулары А.Гумбольд менен Ф. Рихтфогендин Теңир-Тоодо жанар тоолор бар деген жалган теориясын төгүндөгөн. Теңир-Тоонун сейсмикасын изилдөө боюнча да көп эмгектенген. 1877–79-жылдары Т. Д. Романовский менен бирге Түркстандын биринчи геологиялык картасын түзгөн. Сибирдеги, Орто Азиядагы географиялык объектилер Мушкетовдун ысымы менен аталган. Кыргызстанда Сарыжазда Мушкетов мөңгүсү бар.
Иван Васильевич Мушкетов | |
Туулган жылы: |
9 -январь 1850(1850-01-09) |
---|---|
Туулган жери: | |
Каза болгон жылы: |
23 -сентябрь 1902(1902-09-23) (52 жаш) |
Каза болгон жери: | |
Өлкө: |
→ Орусия |
Илимий чөйрөсү: |
белгилүү орус геологу, географ жана саякатчы, Орто Азия аймагын изилдөөчүсү болгон |
Иштеген жери: |
Петербург тоо-кен институту |
Илимий наамы: |