Нельсон Мандела
From Wikipedia, the free encyclopedia
Нельсон Ролилахла Мандела 1918-жылы 18-июлда Умтатага жакын жерде жарык дүйнөгө келген. Түштүк Африка Республикасынын сегизинчи жана тунгуч кара терилүү президенти. Анын президенттик ишмердүүлүгү 1994-жылдын 10-майынан 1999-жылдын 14-июнуна чейинки аралыка туура келет. Апартеид кезинде адам укуктары үчүн күрөшкөндөрдүн эң белгилүүсү. Саясий туткун катары 27 жыл 6 ай 6 күн абакта отуруп чыккан. 1993-жылы Нобель сыйлыгын алган. Нельсон Мандела ТАРда Мадиба деген ат менен да белгилүү.