Ойроттор
From Wikipedia, the free encyclopedia
Этноним, ойрот мамлекеттик бирикмеси жөнүндө В.В. Бартольд мындайча жазат: Bейс-кандын тушунда Моголстанга чыгыштан бутпарас дининдеги моңголдор, а.и. 14-кылымды аягында атагы чыга баштаган чорос, хошот, торгут жана хойт уруулар союзу (төрт уруу) кол сала баштаган (В.В. Бартольд, Соч., т. 2. 86-б). Кыргыздардын бир бөлүгү Алтай аймагында жашап, ойрот-калмактар менен өтө тыгыз карым-катнашта болгондуктан, алар жөнүндөгү реалдуу маалыматтарды туура кабылдап, аны «Манас» эпосунда да чагылдырып, сактап келген фактыларды учуратабыз. Мисалы, 14-кылымдын аягында түзүлгөн ойрот мамлекеттик бирикмеси тарыхта жана оозеки санжыраларда «Дөрбөн ойрот» (төрт ойрот) деген ат менен белгилүү болгон. Бул түшүнүк В.В. Бартольд жогоруда көрсөткөн: чорос, хошот, хойт жана тыргоот деген төрт уруунун бирикмеси «ойрот» (дөрбөн ойрот) деп аталгандыгы туюндуруп, тарыхый фактыны туура маалымдап турат. ОЙРОТТОР, Калмактар макаласын кара.
Ойроттор | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Бардыгы: 640 000 : : | |
Тили |
ойрот тили (калмакча) |
Дини |
тибет буддизми |
Расалык тиби | |
Тууган элдер |