Ошен аралы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ошен аралы (англ. оcean – океан), Банаба – Тынч океанынын батыш бөлүгүндөгү арал (атолл). Кирибати мамлекетинин карамагында. Аянты – 6,5 км2, Узундугу 3,2 км. Бийиктиги 80 мге чейин. Шуру рифтери чулгайт. Фосфорит кенин казып алууда экол. абалы жабыркаган. Калкы Фиджи аралына көчүрүлгөн. Ошенде 300 киши (2005) жашайт.