Румыния
From Wikipedia, the free encyclopedia
Румыния (рум. România) – Европанын түштүк бөлүгүндөгү мамлекет. Дунайдын төмөнкү агымынын алабында жайгашкан. Түндүгүнөн Украина, чыгышынан Молдавия, түштүгүнөн Болгария, түштүк-батышынан Сербия жана батышынан Мажарстан менен чектешет. Түштүк-чыгышын Кара деңиз чулгайт. Аянты 237,5 мин км2. Калкы 22,2 млн (2009). Борбору – Бухарест шаары Административдик-аймактык жактан 40 жудецке (уезд) жана өз алдынча Бухарест уездине бөлүнөт. Акча бирдиги – лей. Румыния – Бириккен Улуттар Уюмунун (1955), Эл аралык валюта фондунун (1972), Европа Биримдигинин (2007) жана НАТОнун (2004) мүчөсү.
Ыкчам фактылар
Румыния | |||||
| |||||
Гимн: «Deşteaptă-te, române! Ойгонгула, румындар!» | |||||
Расмий тили | румынча | ||||
Борбор шаары | Бухарест | ||||
Ири шаарлар | Бухарест, Яссы, Тимишоара, Клуж-Напока, Констанца, Крайова, Брашов, Галац, Плоешти, Орадя, Брэила, Арад, Питешти, Сучава. | ||||
Башкаруу формасы | Аралаш республика | ||||
Президенти Премьер-министри | Клаус Йоханнис Марчел Чолаку | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 80 - дүйнөдө 238 391 км² 3 | ||||
Калкы • Бааланган (2022) • Жыштыгы | 19 038 098 адам (62) 80,4 ад./км² | ||||
ISO коду | RO | ||||
ЭОК коду | ROU |
Жабуу