Теңир-Тоо
From Wikipedia, the free encyclopedia
Теңир-Тоо, Ала-Тоо, Тянь-Шань – Орто жана Борбордук Азиядагы тоо системасы. 40° менен 45° түндүк кеңдиктердин, 67° менен 95° чыгыш узундуктардын аралыгынан орун алган. Теңир-Тоонун батыш жагы негизинен Кыргыз Республикасынын, түндүк жана батыш кыркалары Казакстандын, түш.-батыш четтери Өзбек, Тажик Республикасынын, чыгышы Кытайдын аймактарында. Чыгыштан батышка 2450 кмге созулат (КМШнын аймагында 1200 км). Түндүктө Теңир-Тоо Борохоро кырка тоосу аркылуу Жунгар Ала-Тоосу, түштүктө Ысар–Алай тоо системасынын Алай кырка тоосу менен туташат. Теңир-Тоонун батыш бөлүгүнүн түндүк жана түштүк чегаралары болуп адатта Иле жана Фергана өрөөндөрү эсептелет. Чыгыш Тенир-Тоо түндүгүнөн Жунгар, түштүгүнөн Кашкар (Тарим) чуңкурдуктары менен чектелет.
Теңир-Тоо көбүнчө кеңдик же ага жакын багытта созулган тоо тизмектерден турат; борбордук бөлүгүндө гана меридиан багытында жайгашкан тоо (Меридиан кырка тоосу) бар. Бул кырка тоо Батыш (Кыргызстандын аймагында) Теңир-Тоо менен Чыгыш (Кытайда) Теңир-Тоонун табигый чегарасы болуп саналат. Теңир-Тоонун бул бөлүгү Борбордук Теңир-Тоо деп аталып, мында бийик чокулар жайгашкан: Жеңиш чокусу (7439 м), Кантоо (6995 м).
Теңир-Тоо төмөнкү орографиялык облустарга бөлүнөт: Түндүк Теңир-Тоо Кетмен кырка тоосу (бир бөлүгү Кытайда), Иле-Ала-Тоосу, Күнгөй Ала-Тоо, Кыргыз Ала-Тоосунан турат; Батыш Теңир-Тоо Талас Ала-Тоосун, түштүк-батышында ага тутумдаш жаткан Чаткал, Пскем, Угам кырка тоолорун, о. эле Каратоону ичине камтыйт. Фергана өрөөнүн курчаган тоо кыркалар, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталы кошо, кээде Түштүк-Батыш Теңир-Тоо деп да аталат; Кыргыз Ала-Тоосунун жана Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүгүндөгү Ички Теңир-Тоо түштүк-батышынан Фергана тоо тизмеги, түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги, чыгышынан Ички Теңир-Тоо Борбордук Теңир-Тоодон бөлүп турган Акшыйрак массиви менен торолгон. Түндүк жана Батыш Теңир-Тоонун тоо кыркалары чыгыштан батышка карай акырындык менен 4500–5000 мден 3500–4000 мге (Каратоодо 2176 мге) чейин жапыздайт; капталдары асимметриялык түзүлүштө: Иле, Чүй, Талас өрөөндөрүнө караган түндүк капталдары узунураак, капчыгайлар менен өтө тилмеленген, салыштырма бийиктиктери 4000 мге чейин жана андан да бийик. Ички Теңир-Тоонун ири кырка тоолору: Тескей Ала-Тоо, Борколдой, Ат-Башы кырка тоолору (4500–5000 мге чейин), Какшаал тоо тизмеги (Данков чокусу 6982 м).
Чыгыш Теңир-Тоодо кеңдик багытында созулган өрөөндөр жана чуңкурдуктар менен бөлүнгөн кырка тоолордун 2 тилкеси даана байкалат. Негизги кырка тоолордун бийикт. 4000–5000 м; түндүк тилкенин тоо кыркалары – Борохоро, Иренхабырга, Богодоула, Карлыктоо 95° чыгыш узундукка чейин созулат. Түштүк тилкеси кыскараак (90° чыгыш узундукка чейин гана); негизги кырка тоолору – Халыктау, Сарминула, Куруктаг. Чыгыш Теңир-Тоонун этектеринде Турпан (тереңдиги деңиз деңгээлинен төмөн, 154 м төмөн жайгашкан). Хами чуңкурдуктары орун алган түштүк тилкесинин аймагында Баграш көлү жаткан тоо арасындагы ойдуң бар.