Тинберген Ян
From Wikipedia, the free encyclopedia
Тинберген Ян 1903-жылы Гаага шаарында төрөлгөн.
1930-жылдары ал Рагнар Фриш ж.б. экономисттер менен биргелешип статистикалык жана экономикалык талдоону бириктирген эконометрика илимий багытын негиздеген. «Экономикалык саясат: принциптер жана моделдер» (1956) атгуу эмгегинде саясий маселелерди математикалык моделдерди колдонуу менен изилдеген.
Акыркы эмгектеринин бири: «Кирешени бөлүштүрүү: анализ жана саясат» (1975). 1969-ж. Ян Тинберген жана Рагнар Фриш «Экономикалык талдоодо математикалык ыкмаларды түзгөндүгү жана изилдөөдө колдонгондугу үчүн» Нобель сыйлыгынын жаңы уюштурулган «Экономика» бөлүмүнүн биринчи экономист лауреаттары болгон.