Топоз
From Wikipedia, the free encyclopedia
Топоз (топоздун колго үйүр алган түрү илимий адабиятта лат. Bos grunniens деп аталат) — бийик тоодо байырлаган жана колго үйрөтүлгөн сүт эмүүчү жаныбарлардын бири. Топоздор тоолуу аймактардагы мал чарбачылыктын ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет. Кыргызстанда Суусамыр, Ак-Сай, Арпа, Чаткал, Алайкуу, Алай, Нарында жана Ысык-Көлдүн сыртында багышат. Кыргыз тилинин ичкилик диалектинде "котоз" деп аталган бул жаныбарды орто кылымдардагы карахандык түрк тилинде "котус" деп аташкан.
Ыкчам фактылар Илимий классификация ...
Топоз | |
Кытай топозу | |
Илимий классификация | |
---|---|
дүйнөсү: | Айбанаттар |
тиби: | Хордалуулар, Омурткалуулар |
классы: | сүт эмүүчүлөр |
түркүмү: | Ача туяктуулар |
тукуму: | Бука сымалдуулар |
уруусу: | Бука |
түрү: | Топоз |
Жабуу