Фортепиано
From Wikipedia, the free encyclopedia
Фортепиано, фортепьяно (италянча forte - катуу, piano - акырын; нем. hammerıdavier, klavier) - кылдуу урма клавиштүү музыкалык аспап.
Фортепианонун алгачкы үлгүсүн 1709-11-ж. Италияда Б. Кристофори өркүндөткөн. 18кылымдын башында Ж. Мариус (Франция), К. Г. Шрётер (Германия) да алгачкы үлгүлөрүн жасашкан. Россияда Ф. 1818-20ж. К. Вит жана И. А. Тишнер өңдүү музыканттар да Ф-нун үлгүлөрүн жасап көрүшкөн. Клавесин менен клавикорд үнүнүн бийиктиги менен айырмаланат. Ф-нун эки түрү (рояль жана пианино) бар. Фортепианонун педалы, турпаты ж. б. тетиктери өркүндөтүлөт. Анын диапазону музыкада колдонулуучу үндөрдү көбүрөөк (8 октавада) камтыйт. Фортепианодо учуна кийиз капталган жыгач балкачалар кылды урганда үн чыгарат.