Хайдарабад (Индия)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Хайдарабад - Индиядагы шаар. Андхра Прадеш штатынын адм. борбору.
Муси дарыясынын боюнда. Калкы 4,1 млн (2010; агломерациясы менен 6,4 млн). Т. ж. бекети. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен курулууда (2014-ж. алгачкы 71 км ишке киргизүү каралууда). Түштүк Индиядагы негизги экономикалык жана маданий борбор. Шаардын экономикасынын негизин маалымат жана биотехнология тармагындагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү ж. б. түзөт. Машина куруу, тамак-аш, жеңил, фармадевтика, химиялык, булгаары, айнек ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (зер буюмдарды жасоо) өнүккөн. ЖОЖ, театр, музейлер (а. и. Салар, Жанг, археологиялык), эс алуу парктары ж. б. бар. 1592-ж. негизделген. Чар-Минар салтанат шаар дарбазасы (16-к.), Меке-Масжид (17-к.) мечити сакталган.