Чалгы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Чалгы — малга керектүү табигый, маданий өсүмдүктөрдү чаап жыйноодо колдонулуучу айыл чарба шайманы.
Ал миздүү чапкы, caп, тутка, тогоо жана шынаадан турат. Чапкысы темирден, учу бир аз иймекей, узундугу 60-120 см дей жасалып, жыгачка сапталат да, тогоо жана жасалган шынаа менен бекитилет. Иш убагында мезгил-мезгили менен атайын дөшүдө тапталып, кайрадан кайрак менен курчутулуп турат.