Аймак
From Wikipedia, the free encyclopedia
Аймак - жер бетинин өзүнө мүнөздүү табигый, ошондой эле адамдын таасиринен пайда болгон касиеттери жана ресурстары бар белгилүү бир бөлүгү. Айрым чет өлкөлөрдүн административдик-аймактык бирдиги (мисалы, Монголияда, Тувада, Бурятияда, Дагстанда). Башка тилдерде аймак - уруу, урук-тукум, эл-журт (фарсы, эвенк, якут), кыштак, маала, коом (азербайжан), айылдын чети (татар, мари), көп (башкырт) деген маанилерди берет.