Архипелаг
From Wikipedia, the free encyclopedia
Архипелаг, топ арал - бири-бирине жакын жайгашкан, жалпысынан бирдиктүү аралдар тобу. Мындагы аралдар пайда болуу шарттары жана геологиялыктүзүлүшү боюнча окшош келет. Архипелаг материктен бөлүнүп калынышынан (Канадалык Арктика архипелагы), кораллдан (Маршалл аралы) жана жанар тоонун атылышынан (Гавайи аралы) пайда болушу мүмкүн.