Бархандар
From Wikipedia, the free encyclopedia
Бархандар - рельефтин кумдуу чөлдөрдөгү формасы; жыңалач эшилме кум дөбөлөр. Шамал кумду учуруп чогултушунан пайда болот. Жарым ай же орок сымал түзүлүштө болуп, айдарым капталдары айдөөш (5-14°) жана узун, шамалга ыктоо (ийилген) жагы тик (30°ка чейин) жана кыска келип, учтуу «мүйүзгө» окшоп кетет. Бийикт. 150 м ге чейин. Оошуу ылдамдыгы жылына 100 м дей. Жылаңач кумдуу чөлдөр да жалпысынан бархандар деп аталат.