Киль
From Wikipedia, the free encyclopedia
Киль – Германиянын түндүгүндөгү шаар. Шлезвиг-Гольштейн жеринин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору (1946-жылдан). Балтика деңизинин жээгинде, Киль бухтасында жайгашкан. Калкы 236 миң (2008). ГФРдин түндүгүндөгү башкы жол тоому. Килде ылдам жүрүү үчүн 6 автомагистрал кесилишет. Маанилүү соода, балык уулоочу жана жүргүнчү ташуучу порт (2006-ж. жылына 4,4 млн т жүк, 1,7 млн жүргүнчү ташылат; Балтикадагы германиялык порттордун ичинен 2-орунда). Паром аркылуу Гётеборг (Швеция), Осло (Норвегия), Клайпеда (Литва), Санкт-Петербург жана Калининград (Россия) шаарлары менен байланышат.