Сальвадор
From Wikipedia, the free encyclopedia
Сальвадор (исп. El Salvador), Эль-Сальвадор Республикасы- Борб. Америкадагы мамлекет. Чыгышынан жана түндүгүнөн Гондурас, батышынан Гватемала менен чектешет. Түштүгүн Тынч океан чулгайт. Аянты 21,04 миң км2. Калкы 7,2 млн (2009). Борбору - Сан-Сальвадор шаары Адм.-айм. жактан 14 департаментке бөлүнөт. Акча бирдиги - АКШ доллары.
Сальвадор - БУУнун (1945), ЭВФтин (1946), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЮНЕСКОнун (1948), ИНТЕРПОЛдун (1959) жана башка мүчөсү.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)
Департаменттери | Аянты, миң км2 | Калкы, миң | Адм. борборлору |
Ауачапан | 1,2 | 319,5 | Ауачапан |
Кабаньяс | 1,1 | 149,3 | Сенсунтепеке |
Чалатенанго | 2,0 | 192,8 | Чалатенанго |
Кускатлан | 0,8 | 231,5 | Кохутепеке |
Ла-Либертад | 1,7 | 660,7 | Санта-Текла |
Ла-Пас | 1,2 | 308,1 | Сакатеколука |
Ла-Унион | 2,1 | 238,2 | Ла-Унион |
Морасан | 1,5 | 174,4 | Сан-Франциско
Готера |
Сан-Мигель | 2,1 | 434 | Сан-Мигель |
Сан-Сальвадор | 0,9 | 1 567,2 | Сан-Сальвадор |
Сан-Висенте | 1,2 | 161,7 | Сан-Висенте |
Санта-Ана | 2,0 | 523,7 | Санта-Ана |
Сонсонате | 1,2 | 439 | Сонсонате |
Усулутан | 2,1 | 344,2 | Усулутан |
Мамлекеттик түзүлүшү. Сальвадор — унитардык мамлекет. Конституциясы 1983-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик Республикасы Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент, 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруучу органы - бир палаталуу парламент (Мыйзам чыгаруучу ассамблея). С-до көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Фарабундо Марти атынан Улуттук боштондук фронт (FMLN) солчул марксисттик партиясы, Улуттук Республикасы альянс (ALENA) партиясы, Христиандык-демокр. партия (PDC), Демокр. өзгөрүү (CD) солчул центристтик партиясы жана башкалар