Тегеран
From Wikipedia, the free encyclopedia
Тегеран – Иран Ислам Республикасынын борбору. өлкөнүн түндүгүндө, Эльбурс кырка тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 1100–1300 м бийиктикте, Каспий деңизинен 90 км түштүктө, Афганстан менен Пакистанга кеткен автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Климаты субтропиктик, кургак. Январдын орточо температурасы 19°С, июлдуку 30,9°С. Жылдык жаан-чачыны 240 мм. Шаарды смог каптап турат. Калкы 9,2 млн (2013; агломерациясы менен 13,1 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Ирандын ири, Азиядагы чоң шаарлардын бири. Өлкөнүн саясий, экономикалык, транспорт, соодафинансы жана маданий борбору. Тегеранда машина куруу, металл иштетүү (автомобиль кураштыруу, тиричилик электр буюмдары ж. б.), нефть ажыратуу, химиялык, тамак-аш, текстиль өнөр-жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Жогорку окуу жайлары, театрлар, музейлер (анын ичинде археологиялык) бар. Рей шаарына жакын жерде болжол менен 9-кылымда негизделген. Алгач 12-кылымдан эскерилет. 18-кылымдын аягынан Ирандын борбору. Голестан ак сарайы (18-19-кылымдардын аягы; 1894-жылдан сүрөт музейи), Шах жана Сепахсалар мечиттери (экөө тең 19-кылым) сакталган.
Тегеран | |
ир. تهران | |
Өлкө |
Иран |
---|---|
Ички бөлүнүшү |
22 муниципалдык округ |
мэр |
Мохаммед Багер Галибаф |
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү |
6-миң жылдык б. з. ч. |
Аянты |
707 (1500) |
Бийиктиктиги |
1200 |
Калкы | |
Калкынын саны |
8 778 535 (2012) |
Жыштыгы |
10 000 адам/км2 |
Агломерациясы |
13 422 366 |
Этнохроним |
тегерандык, тегерандыктар |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+3:30 |
Телефон коду |
+98 21 |
http://www.tehran.ir/ |
ХХ кылымдын 30унчу жылдарында Тегеран шаарында чоң өзгөрүү жана жаңылануу болду. Реза Пехлевинин буйругу менен “Насреддиндин дубалдары” кулатылып, алардын ордуна ири көчөлөр салынды. 1943 жылы Тегеран шаарында Советтер Союзу, Америка Кошмо Штаттары жана Улуу Британия державаларынын мамлекет башчыларынын гитлерге каршы конференциясы болуп өткөн. Согуштан кийин Тегеран шаарынын калкы 1 миллионго жеткен. Ирандын акыркы шахы болгон Мухаммед Пехлевинин заманында, шаардын көптөгөн тарыхый имараттары талкаланып жок болгон, анткени шах мындай эски курулушардын заманбап шаар ичинде бар болушунун кажети жок деп эсептеген. Ал эми, эски фортификациялык курулуштардын жана хан сарайлардын ордуна асман тиреген көп кабаттүү имараттар жана ири көчөөлөр салынган. Ошентип 1960 жылдарда Тегеран шаары байыркы өзүнүн көрүнүшүн таптакыр өзгөртүп ири заманбап шаарга айланган. 1969 жылы Шемиран району Тегеранга караган. 1970 жылдардагы нефтинин баасынын кескин жогорулап кетиши, аны менен бирге Батыштагы энергетикалык кризистин күчөшү, Тегеран шаарынын өсүп-өнүгүшүнө бирден-бир түрткү болгон. Шах нефтини экспорттоодо түшкөн кошумча кирешени Тегеран шаарын гүлдөтүп, өнүктүрүүгө жумшамакчы болгон. Ошентип 1976 жылы “Шахестан” проектиси даяр болгон, бирок каражат бат эле түгөнүп, шаар курулбай калган. Иран жана Ирак ортосунда болгон согуштун натыйжасында Тегеран шаары ирактардын Р-11 ракетасынын чабуулунда бир нече жолу калып, эл көптөгөн жоготууларга туш болуп, бир топ кыйроого учураган. 2001 жылы Тегеран шаарында метро каттамы жүргүнчүлөр кызматы менен ишке киришкен. 2007 жылы бийиктиги боюнча дүйнө жүзүндө төртүнчү орунду ээлеген Милад мунарасы курулуп бүткөн.