Финн-угор тилдери
From Wikipedia, the free encyclopedia
Финн-угор тилдери, угор-финн тилдери - Урал тил уясына кирген тилдердин тобу.
Түндүк-Чыгыш Европага, Волга-Каманын көп жерине, Обь, Дунай алаптарына тараган. Финн-угор тилдери бир нече топко бөлүнөт:
- балтика бою-финн (финн, эстон, карел, вепс, ижора, лив, водь тилдери);
- саам (саам же лопар тилдери);
- волга-финн (мордва, марий тилдери);
- пермь (удмурт, коми, коми-пермяк тилдери);
- угор (венгр, манси, ханты тилдери).
Венгр, финн жана эстон тилдери - мурдатан колдонулуп келаткан жазмасы бар (латын алфавиттин негизинде), өөрчүгөн адабий тилдер. Калгандары адабий тил катары Октябрь революциясынан кийин калыптанган.
Азыркы финн-угор тилдеринин жак, жөндөмө жана сөз жасоочу айрым аффикстери бирдей, ошондой эле миңге жакын жалпы уңгусу бар.
Финн-угор тилдеринде агглютинативтик өзгөчөлүктөр бар.
Бирок башка тилдерден кабыл алынган сөздөрдүн составы финн-угор тилдеринин ар биринде ар башка.