Швейцария
From Wikipedia, the free encyclopedia
Швейцария (нем. Schweiz, фр. Suisse, итал. Svizzera, рома. Svizra), расмий аталышы — Швейцар конфедерациясы (лат. Confoederatio Helvetica, нем. Schweizerische Eidgenossenschaft, фр. Confédération suisse, итал. Confederazione Svizzera, рома. Confederaziun svizra) — Европа континентинде орун алган өлкө. Борбор шаары - Берн. Мамлекеттик башкаруу түрү - федералдык парламенттик башкаруу системасы. Бул мамлекет Батыш Европада жайгашып, түндүгүндө Германия, түштүгүндө Италия, батышында Франция, чыгышында Австрия жана Лихтенштейн менен чектешет. Швейцария мамлекет катары 1848-жылы 3 (облустан) кантондон түзүлгөн. Азыр Швейцариянын курамына 26 кантон кирет. Мамлекеттик 4 тил бар. Алар: немис, француз, итальян жана ромонж (ромонж тили 1 гана кантондо колдонулат) тилдери. Швейцария узак убакыттан бери саясий жана аскерий бейтараптыкты сактап келет. Ошол себептен бул өлкөдө көптөгөн ири эл аралык уюмдар жайгашкан.
Швейцар Конфедерациясы | |||||
| |||||
Урааны: «лат. Unus pro omnibus, omnes pro uno» «Бирөө бардыгы үчүн, бардыгы бирөө үчүн» | |||||
Гимн: «Швейцар забуру» | |||||
Расмий тилдери | немис тили, француз тили, италян тили, романш тили | ||||
Борбор шаары | Берн | ||||
Ири шаарлар | Цүрих, Женева, Базель, Лозанна, Берн, Люцерн | ||||
Президент | Иньяцио Кассис | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 41 284 км² 4,2 | ||||
Калкы • Бааланган (2019) • Жыштыгы | 8 558 758[1] адам 207 ад./км² | ||||
Акча бирдиги | швейцардык франкы | ||||
Домени | .ch, .swiss | ||||
ISO коду | CH | ||||
ЭОК коду | SUI | ||||
Телефон коду | +41 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC UTC+1 |