Индонезия
From Wikipedia, the free encyclopedia
Индонезия (инд. Indonesia), расмий аталышы — Индонезия Републикасы (инд. Republik Indonesia) — Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Малайя архипелагында (Чоң жана Кичи Зонд аралдары, Молукка аралы) жана Жаңы Гвинея аралынын батыш бөлүгүндө (Батыш Ириан) жайгашкан. Аралдары түндүгүнөн жана борбордук бөлүгүнөн Тынч океан жана анын деңиздери (Бали, Банда, Молукка, Саву, Серам, Сулавеси, Флорес, Түштүк Кытай, Ява), түндүк-батышынан, батышынан жана түштүгүнөн Инди океаны жана анын деңиздери (Андаман, Арафура, Тимор) менен чулганат. Кургактык аркылуу Малайзия (Калимантан аралында), Папуа-Жаңы Гвинея (Жаңы Гвинея аралында) жана Чыгыш Тимор (Тимор аралында) өлкөлөрү менен чектешет. Аянты 1,9 млн км2. Батыштан чыгышты карай (экваторду бойлой) 5,1 миң кмге (3 саат алкагы), түндүктөн түштүктү карай 1,8 миң кмге созулат. Калкы 224,9 млн (2007). Борбору Жакарта шаары (Ява аралында). Расмий тили индонезия тили (бахаса индонесиа). Акча бирдиги Индонезия рупийи. Административдик-аймактык жактан 31 провинцияга (2 автономия кошо) жана 2 өзгөчө административдик округга (Чоң Жакарта борбордук округуна жана Жокьякарта округуна) бөлүнөт (к. таблицаны). Индонезия БУУнун (1950), ЭВФтин (1954), Эл-аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1954), Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (1962), АСЕАНдын (1967), Ислам конф-я уюмунун (1969), Азия-Тынч океан регионунун коопсуздугу боюнча кызматташуу кеңешинин (1993), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү. Админисграциялык-аймакгык бөлүнүшү (2007)
Индонезия Республикасы | |||||
| |||||
Урааны: «Bhinneka Tunggal Ika» «Ар түрдүүлүктөгү биримдик» | |||||
Гимн: «Улуу Индонезия» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 17-август 1945 жыл (жарыяланды)
27-декабрь 1950 жыл (таанылган) ( Нидерланддардан) | ||||
Расмий тили | индонезияча | ||||
Борбор шаары | Жакарта | ||||
Ири шаарлар | Сурабая, Бандунг, Бекаси, Медан, Тангеранг, Депок, Семаранг, Палембанг, Макасар, Тангеранг-Селатан, Маланг, Суракарта | ||||
Башкаруу формасы | президенттик республика | ||||
Президенти Вице-президенти | Жоко Видодо Мааруф Амин | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 16 - дүйнөдө 1 904 569[1] км² 4,85 | ||||
Калкы • Бааланган (2020) • Жыштыгы | ↗270 203 917 человек[2] адам (4) 141[3] ад./км² | ||||
ISO коду | ID | ||||
ЭОК коду | INA |