Казак хандыгы
тарыхый мамлекет. / From Wikipedia, the free encyclopedia
Казак хандыгы — азыркы Казакстандын жана ага чектеш мамлекеттердин аймактарында, 1456-жылдагы Алтын Ордонун кулашынын натыйжасында негизделген казак мамлекети (1465 — 1847).
Ыкчам фактылар
Казак хандыгы хандык | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
Борбор калаа | 1465-1469 Созак 1469-1511 Сыгнак 1511-1521 Созак 1521-1599 Сыгнак 1599-1729 Түркстан | |||
Тил | Түркчө (адабий) Казакча | |||
Аянт | 3,2 млн км² | |||
Калк | казактар, каракалпактар | |||
Өтүүчүлүк | ||||
← Алтын Ордо ← Моголстан Улуу жүз → Орто жүз → Кичи жүз → Орусия империясы → | ||||
Жабуу
Касым жана Хакназар хандардын убагында жогорку гүлдөөсүнө жеткен. Анын өлүмүнөн кийин жарандык согуш башталып кетип, бирок Хакназар хандын убагында мурунку чектеринде кайра калыбына келген.
XV—XVI кылымдарда хандык жүздөргө — Улуу жүз, Орто жүз жана Кичи жүз болуп бөлүнүп кеткен.[2] Абылай султандын убагында үч жүз тең аны Казак хандыгынын ханы деп таанышкан. Анын өлүмүнөн кийин да хандык кайра бөлүнүп, бирок кийин Кенесары хан кайра калыптанган Казак хандыгынын ханы болгон.