Жайкы убакыт
From Wikipedia, the free encyclopedia
Жайкы убакыт — саат жебесин бир саат алдыга жылдыруу менен түшүндүрөт.
Жайкы убакытка негизи жазында өткөрүшөт (кышкы убакыттан 1 саат алдыга). Ал эми күзүндө кайра ордуна келтиришет. Көпчүлүк жайкы убакытка өтүүчү өлкөлөрдө жайкы убакытка өтүү ишембиден жекшембиге караган түнү өткөрүлөт. Жайкы убакыт көптөгөн өлкөлөрдө күндүн жарык мезгилин жана жарыктандыруу үчүн кеткен электр кубатын рационалдуу колдонуу үчүн өтүшөт. Ал эми жайкы убакты сындагандар жайкы убакыттын адамдарга терс таасирин тийгизет жана ал убакытка өтүүдө үнөмдөө болгондугу далилдене элек деп айтышат. Жайкы убакытка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү колдонуп келет. Ага өтүүдө өздүк убакыттын дүйнөлүк убакытка карата өзгөрүлөт. Жана дагы жайкы убакытка өтүү жана кайра аны өзгөртүү баардык эле жерде бир убакытта жүрө бербейт. Эгерде түштүк жарым шарда жай болсо, түндүк жарым шарда кыш, жана тескерисинче болот. Бизге жакын өлкөлөрдөн Орусия жана Казакстанда жайкы убакытка өтүү мурда болуп келип, кийин алынып салынган.