Сингапур
From Wikipedia, the free encyclopedia
Сингапур республикасы (англ. Republic of Singapore; мал. Republik Singapura; кыт. ; там. சிங்கப்பூர் குடியரசு Ciŋkappūr Kudiyarasu ) — шаар-мамлекет, Түштүк-Чыгыш Азия аралдарында жайгашкан, Малакка жарым аралынан ичке Жохор кысыгы аркылуу бөлүнүп турат. Малайзиянын курамына кирүүчү Жохор султанаты менен жана Индонезиянын курамындагы Риау аралдары менен чектешет.
Сингапур Республикасы | |||||
| |||||
Урааны: «Majulah Singapura (Алга, Сингапур)» | |||||
Мамлекеттик Гимни | |||||
Файл:Singapore on the globe (Southeast Asia centered).svg, Singapore on the globe (Southeast Asia centered) zoom.svg и Singapore in its region (zoom).svg | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 9 август 1965-жыл | ||||
Расмий тили | аңглисче, кытайча (путунхуа), малайча, тамилче | ||||
Ири шаарлар | Сингапур | ||||
Президент Премьер-министр | Тарман Шанмугаратнам Лоуренс Вонг | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 714,3[1] км² 1,444 | ||||
Калкы • Бааланган (2012) • Жыштыгы | 5 312 400[2] адам 7200 ад./км² | ||||
АДӨИ ( 2011) | ▲ 0,866 [3] (өтө жогору) ({{{АДӨИ боюнча орду}}}) | ||||
Акча бирдиги | Сингапур доллары (SGD) | ||||
Домени | .sg | ||||
ISO коду | SG | ||||
ЭОК коду | SGP | ||||
Телефон коду | +65 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +8 |
Сингапур - синга (арстан) деген өздөштүрүлгөн (санскритчеси सिंह siMha (арстан)) малайя сөзүнө, санскритче पुर pura (шаар) сөзүн кошкондон алынган. Б.а. "арстандын шаары" дегенди билдирет.
Сингапурдун аянты 714,3 км² (2011-жыл) (кара. География Сингапура), 1960-жылдардан бери аянты деңиз түбүнөн топурак алып төгүүдөн чоңоюп жатат. Азыр Сингапур 63 аралдан турат. Эң ирилери — Сингапур (башкы арал), Убин, Теконг-Бесар, Брани, Сентоса, Семакау и Судонг. Эң бийик чекити — Букит-Тимах дөбөсү (163,3 м).